Сайттын максаты
Бул сайттын негизделишине түрткү болгон эң негизги себеп - кыргызча сайттардын жетишсиздиги эле. Кийинчерээк, кыргызча сайттардын санынын акырындап болсо дагы өсүшү бизге дем-күч берди. Мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзамдын күчүнө кириши менен көрүлө баштаган чаралар бул сайтты түзүү пикирин бекемдетти. Эне тилибиздин өнүгүүсүнө көмөктөшүү жана ошол багытта кыргыз тилдүү сайттардын санын 1ге болсо дагы көбөйтүү жолу менен жарандардын кыргыз тилин колдонуусун үндөөнү жана кызыктырууну туура деп таптык.
Сайттын максаттарына, албетте, Мекенибизди жакшылап таануу дагы кирет (бул максат менен суроо-жооптун (тест) көпчүлүгү Кыргызстанга тиешелүү болушуна көңүл бурулду). Суроолор даярдалып жатканда орто мектеп жана жогорку окуу жайлар үчүн ылайыкталган материалдардан пайдаланылды. Табышмактуу тамгалар жана кроссворд оюндары кыргызча тамгалардан түзүлүп, аларды ойногон адам кыргызча сөз байлыгын аз да болсо кеңейтет деген ишенимдебиз.
Маалымат технологиясы жана башка терминдерди кыргызчага киргизүү жана которуу сунуштарын дагы камтыйт бул сайт. Тил деген мезгилдин талабына жараша өзгөрүп турат эмеспи. Бул багытта салымыбыз боло турган болсо атуулдук милдеттерибизден бирөөнү орундаткан болобуз!
Бул сайт Нурбек Дүйшөбаевдин жекече долбоору.
Сайттын түзүлүшүндө чоң салым кошкон Гүлжгит Исаковго, мүчөлөр жөнөткөн суроо-жооп тест суроолорду тастыктап жаткан Инаш Азимовго, Сайттын графикасын жаңылоодо жардам берген Эркин Бейшеновго чоң ыраазычылыгымды билдирмекчимин.
Сайт жана анын максаттары тууралуу жаңы сунуштарыңыз болсо !
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат.
Нурбек Дүйшөбаев
|